# 121-статья. Алиментти чегерүүгө жана кайра өндүрүүгө жол берилбестик

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 121-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-121

---

1. Алимент башка каршы талап менен чегерилиши мүмкүн эмес.

2. Алименттин төлөнгөн суммасы төмөндөгү учурлардан тышкары, кайрадан кайтарылышы мүмкүн эмес:

алимент алуучу жалган маалыматтарды билдиргендигине байланыштуу же жасалма документтерди бергендигине байланыштуу алимент өндүртүү жөнүндө соттун чечими жокко чыгарылганда; алимент алуучу тарап алдоо, коркутуу же зомбулук көрсөтүү таасири менен түздүргөн алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жараксыз деп табылса; алимент төлөө жөнүндө макулдашуунун же аткаруу баракчасынын негизинде алимент төлөтүп жаткан соттун чечиминин жасалма экендигинин фактысы соттун өкүмү менен аныкталса.

3. Эгерде ушул статьянын 2-пунктунда санап көрсөтүлгөн аракеттер жашы жетпеген баланын өкүлү тарабынан же аракетке жөндөмсүз алимент алуучу тарабынан жасалса, алимент кайтарып алынбайт, ал эми алименттин төлөнгөн суммасы доо боюнча алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөлүү өкүлүнөн өндүрүлүп алынат.

---

Мурунку берене: [120-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-120)  
Кийинки берене: [122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-122)
