121-статья. Алиментти чегерүүгө жана кайра өндүрүүгө жол берилбестик
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 18-Глава
121-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 121-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Алимент башка каршы талап менен чегерилиши мүмкүн эмес.
2. Алименттин төлөнгөн суммасы төмөндөгү учурлардан тышкары, кайрадан кайтарылышы мүмкүн эмес:
алимент алуучу жалган маалыматтарды билдиргендигине байланыштуу же жасалма документтерди бергендигине байланыштуу алимент өндүртүү жөнүндө соттун чечими жокко чыгарылганда; алимент алуучу тарап алдоо, коркутуу же зомбулук көрсөтүү таасири менен түздүргөн алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жараксыз деп табылса; алимент төлөө жөнүндө макулдашуунун же аткаруу баракчасынын негизинде алимент төлөтүп жаткан соттун чечиминин жасалма экендигинин фактысы соттун өкүмү менен аныкталса.
3. Эгерде ушул статьянын 2-пунктунда санап көрсөтүлгөн аракеттер жашы жетпеген баланын өкүлү тарабынан же аракетке жөндөмсүз алимент алуучу тарабынан жасалса, алимент кайтарып алынбайт, ал эми алименттин төлөнгөн суммасы доо боюнча алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөлүү өкүлүнөн өндүрүлүп алынат.
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
121-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-121" title="121-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>