# 120-статья. Алиментти өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2014 года № 100 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205321)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163844..1163845>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-21/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 120-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-120

---

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү менен карыз пайда болсо, күнөөлүү адам ошол макулдашууда каралган тартипте жоопкерчилик тартат.

2. Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү менен карыз пайда болсо, соттун чечими менен күнөөлүү адам алимент алуучуга кечиктирген ар бир күнү үчүн төлөнбөй калган алименттин суммасынан экиден бир пайыз өлчөмүндө үстөкайып төлөйт.

Алимент алуучу, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам алиментти өз учурунда төлөбөй, алименттик милдеттенмени аткаруунун мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн улам жабылбай калган үстөкайып жагынан келтирилген бардык зыянды күнөөлүү адамдан төлөтүп алууга да укуктуу. (КР 2014-жылдын 30-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [119-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-119)  
Кийинки берене: [121-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-121)
