# 12-статья. Никеге туруунун тартиби

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 12-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-12

---

1. Никеге туруу никеге туруп жаткан адамдардын өздөрүнүн катышуусу менен, алар жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никеге турууну мамлекеттик каттоо жолу менен түзүлөт.

Өзгөчө жагдайлар болгондо (кош бойлуулукта, бала төрөлгөндө, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туулганда) арыз берилген күнү никеге тургузулушу мүмкүн.

2. Никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

3. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын никени каттоодон баш тартуусу никеге турууну каалаган адамдар (алардын бири) тарабынан административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-13)
