# 119-статья. Алимент боюнча карызды төлөөдөн бошотуу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2014 года № 100 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205321)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163844..1163845>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 119-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-119

---

1. Жашы жетпеген балдарга алимент төлөө учурун кошпогондо, алимент боюнча карызды төлөөдөн бошотуу же тараптардын макулдашуусу боюнча алимент төлөөдө ошол карызды азайтуу тараптардын өзара макулдугу боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Эгерде алимент төлөбөө бул адамдын ооруп калышына жана топтолгон алименттердин карызын жандырууга мүмкүндүк бербеген дагы башка далилдүү себептерден улам болгонун сот аныктаса, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын доосу боюнча аны карызды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотууга укуктуу.

3. Ата-энеси ата-энелик милдетти аткара албай калган учурдагы оорулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2014-жылдын 30-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [118-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-118)  
Кийинки берене: [120-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-120)
