# 118-статья. Алимент боюнча карыздарды аныктоо

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2005 года №80 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/13965)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.06.2005 [Закон КР от 20 июня 2005 года №80 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/13965); 26.07.2004 [Закон КР от 26 июля 2004 года № 96 "О внесении изменения в Семейный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1495)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163835..1163836>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 118-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-118

---

1. Алимент төлөө тууралу макулдашуунун негизинде же аткаруу баракчасынын негизинде өтүп кеткен мезгил үчүн алимент өндүрүү алимент төлөтүп алуу жөнүндө аткаруу баракчасын же нотариалдык жактан ырасталган макулдашууну көрсөткөндөн кийин үч жылдык мөөнөттүн чегинде жүргүзүлөт.

2. Алимент төлөө жөнүндө аткаруу баракчасынын негизинде же нотариалдык жактан ырасталган макулдашуунун негизинде алимент кармап калуу алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү боюнча жүргүзүлгөн учурда, алимент өндүртүп алуу ушул Кодекстин 112-статьясынын 2-пунктунда белгиленген үч жылдык мөөнөткө карабастан, бардык мезгил үчүн жүргүзүлөт.

3. Карыздын өлчөмүн соттун чечими же алимент төлөө тууралу макулдашуу менен аныкталган алименттин өлчөмүнө жараша соттук аткаруучу аныктайт.

4. Ушул Кодекстин 86-статьясына ылайык жашы жетпеген балдарга төлөнүүчү алимент боюнча карыздын өлчөмү, алимент өндүрүлбөгөн мезгилдин ичиндеги алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эмгек акысына жана башка кирешесине таянуу менен аныкталат. Эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам ошол мезгилдин ичинде иштебей калган учурда же эгерде анын эмгек акысын жана (же) дагы башка кирешесин тастыктаган документтер берилбесе, алимент боюнча карыз ошол жердеги орточо эмгек акыга негизденүү менен аныкталат. Эгерде карызды мындай аныктоо тараптардын бирөөнүн кызыкчылыктарын олуттуу бузса, кызыкчылыгына зыян келтирилген тарап сотко кайрылууга укуктуу, ал тараптардын материалдык жана үйбүлө абалына жана көңүл бурууга арзыган дагы башка жагдайларга таянуу менен карызды туруктуу акчалай суммада аныктайт.

5. Соттук аткаруучу тарабынан алимент боюнча карыздын аныкталышына макул болбогондо кайсы гана тарап болбосун аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте соттук аткаруучунун жасаган аракетине даттана алат.

(КР 2004-жылдын 26-июлундагы № 96 , 2005-жылдын 20-июнундагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [117-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-117)  
Кийинки берене: [119-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-119)
