117-статья. Жаза чараны алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын мүлкүнө айландыруу
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 18-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 июня 2025 года № 111
1. Алимент өндүрүү жөнүндө макулдашууда, нотариалдык буйрукта же соттун чечиминде белгиленген алименттин өлчөмүн төлөтүү, ошондой эле алимент боюнча карыздарын өндүртүп алуу алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эмгек акысынын жана (же) башка кирешесинин эсебинен, эмгек акысы жана (же) башка кирешелери жетишсиз болгон учурда алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын банктагы эсептеринен же башка кредиттик мекемелердеги акча каражаттарынан, ошондой эле менчик укугуна өтпөй турган келишимдерден башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардагы келишим боюнча берилген акча каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Бул каражаттар жетишсиз болгондо айландырылуучу жаза чара мыйзам боюнча алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын кайсы мүлкүнө болбосун жаза чара катары айландырылышы мүмкүн.
2. Жаза чараны алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эсебинде турган акча каражаттарына жана анын дагы башка мүлктөрүнө айландыруу аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарда каралган тартипте жүргүзүлөт.
(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
117-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"Редакцияларды салыштыруу
04.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…болгон адамдын мүлкүнө айландыруу
1. Алимент өндүрүү жөнүндө алынып салынды: макулдашууда кошулду: макулдашууда, нотариалдык буйрукта же соттун чечиминде белгиленген алименттин өлчөмүн төлөтүү, ошондой … каралган тартипте жүргүзүлөт.
(КР 2020-жылдын 17-августундагы № алынып салынды: 135 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 135, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-117" title="117-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>