# 116-статья. Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштеген жеринин өзгөргөнү жөнүндө билдирүү милдети

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163855..32921>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 116-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-116

---

1. Алимент төлөө жөнүндө соттун чечиминин, нотариалдык буйруктун же нотариалдык жактан ырасталган макулдашуунун негизинде алимент кармап калган уюмдун администрациясы алимент төлөө тууралу чечим аткарыла турган жердеги соттук аткаруучуга жана алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштен бошогондугу жөнүндө, ошондой эле анын жаңы иштеген же жашаган жери эгерде ага белгилүү болсо, бул тууралу алимент алуучу адамга үч күндүк мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү.

2. Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген мөөнөттө соттук аткаруучуга жана алимент алуучу адамга иштеген жана жашаган жери өзгөргөндүгү, ал эми жашы жетпеген балдарына алимент төлөөдө - кошумча эмгек акынын же башка кирешелердин болгондугу жөнүндө билдирүүгө тийиш.

3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтарды далилсиз себептер менен кабарлабаган учурда буга күнөөлүү кызмат адамдары жана башка жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [115-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-115)  
Кийинки берене: [117-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-117)
