# 114-статья. Уюмдун администрациясынын алиментти кармап калуу милдети

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163855..32921>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-21/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 114-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-114

---

1. Алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштеген жери боюнча уюмдун администрациясы алимент төлөө жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдашуунун, алимент төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын, нотариалдык буйруктун же аткаруу баракчасынын негизинде алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эмгек акысынан жана (же) башка кирешесинен ай сайын алимент кармап калууга жана алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эсебинен алимент алуучу адамдын эсебине алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын эмгек акысы жана (же) башка кирешеси төлөп берилген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен төлөөгө же которууга милдеттүү.

2. Жашы жете элек балдарга төлөөдө алимент төлөөчү адамдын арызынын негизинде алиментти кармап калуу, эгерде мындай арыздын жана аткаруучу документтердин негизинде кармап калуулардын жалпы суммасы алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштеп тапканынын жана (же) башка кирешесинин элүү пайызынан ашкан, бирок жетимиш пайыздан ашпаган учурда алиментти кармоо жүргүзүлүшү мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [113-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-113)  
Кийинки берене: [115-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-115)
