# 112-статья. Алимент алуу үчүн кайрылуу мөөнөттөрү

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163855..32921>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 112-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-112

---

1. Эгерде алимент төлөө тууралу макулдашуу боюнча мурда алимент төлөнбөсө, алимент алууга укугу бар адам алимент алуу укугу пайда болгон учурдан тартып мөөнөтү өтүп кеткенине карабастан, алимент өндүртүп алуу жөнүндө арыз менен сотко же нотариуска кайрылууга укуктуу.

2. Алимент сотко же нотариуска кайрылган учурдан тартып берилет.

Эгерде сотко же нотариуска кайрылганга чейин багууга каражат алуу чаралары көрүлүп, бирок алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам аны төлөөдөн качкандыктан улам алимент алынбай калгандыгы аныкталса, өткөн мезгил үчүн алимент сотко же нотариуска кайрылган учурдан тартып үч жылдык мөөнөттүн аралыгында өндүрүп алынышы мүмкүн.

3. Үч жылдын аралыгындагы мөөнөттө топтолгон алименттин суммасы бир жылга теңме-тең бөлүштүрүлгөн үлүштө төлөнүп берилет.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-111)  
Кийинки берене: [113-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-113)
