# 11-статья. Никеге туруу

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 11-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-11

---

1. Никеге туруу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында, мыйзамда каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда никеге туруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлөт.

3. Жубайлардын укуктары жана милдеттери түзүлгөн нике мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып пайда болот.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-12)
