# 109-статья. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча алимент төлөөнүн жолу жана тартиби

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2014 года № 100 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205321)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327#diff=1163844..1163845>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 109-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-109

---

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча алимент төлөөнүн жолу жана тартиби ушул макулдашуу менен аныкталат.

2. Алимент алимент төлөөгө милдетүү болгон адамдын иштеп тапкан жана (же) дагы башка кирешесинен үлүш түрүндө; мезгил-мезгили менен накта акчалай суммада; бир жолу төлөнүүчү туруктуу акчалай суммада; мүлктү же анын бөлүгүн балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен, ошондой эле макулдашууга жараша жетишилген башка жолдор менен төлөнүшү мүмкүн.

Алимент төлөө жөнүндө макулдашууда алимент төлөөнүн ар кандай ыкмаларын айкалыштыруу жагы каралышы мүмкүн. (КР 2014-жылдын 30-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [108-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-108)  
Кийинки берене: [110-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-110)
