# 106-статья. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууну түзүүнүн, аткаруунун, өзгөртүүнүн, бузуунун жана жараксыз деп табуунун тартиби

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 106-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-106

---

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууну түзүүгө, аткарууга, бузууга жана жараксыз деп табууга карата жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүнү, аткарууну, бузууну жана жараксыз деп табууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат.

2. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу тараптардын өзара макулдугу боюнча кандай учурда болбосун өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууну өзгөртүү же бузуу алимент төлөө тууралу макулдашууну түзгөндөй эле жол менен жасалат.

3. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууну аткаруудан бир жактуу баш тартууга же анын шарттарын бир жактуу өзгөртүүгө жол берилбейт.

4. Тараптардын материалдык жактан же үйбүлөдөгү абалында олуттуу өзгөрүүлөр болгон учурда жана алимент төлөө тууралу макулдашууну өзгөртүү же бузуу жөнүндө макулдашууга жетишилбесе таламдаш тарап бул макулдашууну өзгөртүү же бузуу тууралу доо менен сотко кайрылууга укуктуу. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууну өзгөртүү же бузуу тууралу маселени чечкен учурда сот тараптардын көңүл бурууга арзый турган ар кандай таламдарын эске алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [105-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-105)  
Кийинки берене: [107-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-107)
