# 105-статья. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуунун түрү

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 105-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-105

---

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жазуу жүзүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.

Алимент төлөө жөнүндө макулдашуунун мыйзам тарабынан белгиленген түрүн сактабоо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 181-статьясында каралган кесепеттерге кириптер кылат.

2. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн алимент төлөө жөнүндө макулдашуу аткаруу баракчасынын күчүнө ээ.

3. Эгерде алименттик макулдашуунун шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе, анда нотариус мындай макулдашууну ырастоодон баш тартууга укуктуу.

4. Нотариустун нотариалдык ишти аткаруудан баш тартышы сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [104-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-104)  
Кийинки берене: [106-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-106)
