# 103-статья. Үйбүлөнүн башка мүчөлөрүнөн сот тартибинде өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 103-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-103

---

1. Ушул Кодекстин 98-102-статьяларында көрсөтүлгөн адамдардан алимент төлөтүп алуунун тартиби жана өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен аныкталышы мүмкүн.

2. Тараптардын макулдашуусу жок болгондо сот тартибинде өндүрүп алынуучу алименттердин өлчөмү алимент төлөөчүнүн жана аны алуучунун материалдык жана үйбүлөлүк абалына жараша жана ай сайын төлөнүүчү накталай суммасы буга таламдаш болгон башка тараптардын кызыкчылыгын пайда кылган негизге таянуу менен сот тарабынан ар бир учурда өзүнчө белгиленет.

3. Эгерде алимент талап кылган үйбүлө мүчөсүн багууга бир эле учурда бир нече адам милдеттүү болсо, сот алардын материалдык жана үйбүлөлүк абалына жараша алимент боюнча милдетти аткарууга алардын ар биринин катышуу даражасын аныктайт. Сот алименттердин өлчөмүн аныктоодо доо ушул адамдардын бардыгына, алардын ичинен бирөөнө же алардын ичинен бир нечесине коюлганына карабастан, алимент төлөөгө милдеттүү болгон бардык адамдарды эске алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [102-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-102)  
Кийинки берене: [104-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-104)
