# 102-статья. Өгөй атасы менен өгөй энесин багуу боюнча өгөй уулунун жана өгөй кызынын милдеттери

- Документ: [Үйбүлө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1327)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-августундагы № 201 "Үйбүлө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1327/edition/1163833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1327/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үйбүлө кодекси, 102-статья (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-102

---

1. Эгерде алар өздөрүнүн бойго жеткен эмгекке жөндөмдүү балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) жардам алалбаса, өзүнүн өгөй уулун же өгөй кызын тарбиялаган жана баккан, жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз өгөй ата менен өгөй эне сот тартибинде бул үчүн тиешелүү каражаттары бар эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен өгөй уулунан же өгөй кызынан жардам алууну талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде өгөй ата менен өгөй эне өгөй уулу менен өгөй кызын беш жылдан азыраак тарбиялап жана бакса, ошондой эле өгөй уулу менен өгөй кызына тийиштүү тарбия берип, багуу жагынан өздөрүнүн милдеттерин аткарышпаса, сот өгөй атаны же өгөй энени багуу милдетинен өгөй уулун жана өгөй кызын бошотууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [101-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-101)  
Кийинки берене: [103-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1327/st-103)
