Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Закон КР «О приведении текста некоторых статей Уголовного Кодекса Кыргызской Республики на государственном языке в соответствии с текстом соответствующих статей на официальном языке»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 2003-жылдын 24-августу № 199
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин айрым статьяларынын мамлекеттик тилдеги текстин расмий тилдеги тиешелүү статьялардын тексттерине ылайык келтирүү жөнүндө
1-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) мамлекеттик тилдеги текстине төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-статьянын аталышы "жиктөө" деген сөздөн кийин (классификациялоо)" деген сөз менен толукталсын.
2. 10, 11, 12, 13-статьялардагы "таандык" деген сөздөн кийин "кылынат" деген сөз алып салынсын.
3. 17-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинин жалпы шарттары Кылмыш-жаза жоопкерчилигине ушул Кодексте белгиленген жашка жеткен, акыл-эси соо, кылмыш жасаган адам гана тартылат.".
4. 22-статьядагы "күнөөлү" деген сөз "күнөөлүү" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 30-статьянын аталышындагы "түшүнүгү" деген сөз алып салынсын.
6. 42-статьянын биринчи бөлүгүнүн 5-пунктундагы жана 46-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "дисциплинардык" деген сөз "тартиптик" деген сөз менен алмаштырылсын.
7. 47-статьянын аталышындагы жана текстиндеги "Дисциплинардык" жана "дисциплинардык" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Тартиптик" жана "тартиптик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 82-статьянын бешинчи бөлүгүндөгү "жете элек" деген сөздөр "жетпеген" деген сөз менен алмаштырылсын.
9. 117-статьяда:
биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "бирөөнө" деген сөз "адамга" деген сөз менен алмаштырылсын; үчүнчү бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жете элек балага" деген сөздөр "жетпегенге" деген сөз менен алмаштырылсын.
10. 118-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жете элек балага" деген сөздөр "жетпегенге" деген сөз менен алмаштырылсын.
11. 123-статьяда:
экинчи бөлүгүнүн 5-пунктундагы "балага" деген сөз "жашы жетпегендерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын; эскертүү "Эгерде" деген сөздөн кийин "уурдаган" деген сөз менен толукталсын.
12. 130-статьянын экинчи бөлүгүнүн 6-пунктундагы "жете элек бала (жашы жете элек кыз) экендиги" деген сөздөр "жетпегендиги" деген сөз менен алмаштырылсын.
13. 156-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жете элек бала" деген сөздөр "жетпеген" деген сөз менен алмаштырылсын.
14. 158-статьянын аталышындагы жана биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "Баланы" деген сөз "Бөбөктү" деген сөз менен алмаштырылсын.
15. 159-статьяда:
биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жете элек балага" деген сөздөр "жетпегенге" деген сөз менен алмаштырылсын; үчүнчү бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жете элек баланын" деген сөздөр "жетпегендин" деген сөз менен алмаштырылсын.
16. 161-статьянын биринчи абзацындагы "жете элек балага" деген сөздөр "жетпегенге" деген сөз менен алмаштырылсын.
17. 325-статьянын аталышындагы "Көрсөтүүлөрдү" жана биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "көрсөтүүлөрдү" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Көрсөтмөлөрдү" жана "көрсөтмөлөрдү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. 330-статьяда:
статьянын аталышындагы жана биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "көрсөтүүлөрдү" деген сөз "көрсөтмөлөрдү" деген сөз менен алмаштырылсын; эскертүүдөгү "көрсөтүүлөрдүн" деген сөз "көрсөтмөлөрдүн" деген сөз менен алмаштырылсын.
19. 331-статьядагы "көрсөтүүлөрдү" жана "көрсөтүүлөрүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "көрсөтмөлөрдү" жана "көрсөтмөлөрүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20. 332-статьянын аталышындагы, биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы жана экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "көрсөтүүлөрдү" деген сөз "көрсөтмөлөрдү" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
2003-жылдын 24-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон