Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин «Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2019-жылдын 01-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 7-кезектеги сессиясы 2021-жылдын 19-ноябры № 4 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2019-жылдын 01-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2019-жылдын 01-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2021-жылдын 04-ноябрындагы №01-14/451 сандуу катын үйрөнүп чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2019-жылдын 01-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн отчетунун жана сунушунун негизинде келтирилген кемчиликтер боюнча төмөнкү иш-чаралар көрүлсүн:
А) Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аппараттагы кызматкерлеринин чогулушунда каралып, тийиштүү адистердин жоопкерчилиги талкууланып, мындан ары катачылыктарга жол бердирбөө жагы эскертилсин.
Б) Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө мындан ары сапар чыгымдарын төлөөдө Кыргыз Республикасынын 26.08.2008-жылдын №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндөгү” токтомунун нормалары аткарууга алынсын.
В) Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасына сарпталуучу күйүүчү майлардын сарпталышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 сандуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген норманын чегинде жүргүзүлсүн.
Г) Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетторду түзүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген Жобого ылайык жүргүзүү милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:
К. Сатторов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрилигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү…Приказ · 25.12.2018 · № 137 · Күчүн жоготкон