# 7-статья. Риэлторлордун өз алдынча жөнгө салуучу уюмдары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1324)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 14-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1270/edition/1245394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1324/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө, 7-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-7

---

1. Риэлторлордун өз алдынча жөнгө салуучу уюму ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык иштөөчү риэлторлордун ыктыярдуу бирикмеси жана кыймылсыз мүлк рыногунун кесипкөй катышуучуларынын коммерциялык эмес уюму болуп саналат.

2. Риэлторлордун өз алдынча жөнгө салуучу уюму риэлторлор жана башка кыймылсыз мүлк рыногунун кесипкөй катышуучулары тарабынан кесиптик кызыкчылыктарды коргоо, риэлторлор көрсөтүүчү кызматтардын кесиптик деңгээлин жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик органдарга кыймылсыз мүлк рыногун жана риэлтордук ишти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн уюмдаштырылат.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-8)
