39-статья. Кыймылсыз мүлктү сатып алууга (сатууга) байланышкан риэлтордук кызматтын сапаты
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 мая 2016 года № 69
1. Керектөөчүнүн кыймылсыз мүлктү менчикке сатып алуусуна, пайдаланууга алуусуна же керектөөчүгө таандык кыймылсыз мүлктү сатуусуна (башка адамга пайдаланууга өткөрүп берүүсүнө) байланыштуу болбосо керектөөчүгө көрсөтүлгөн кызматтын сапаты да мүлктү сатып алуунун (сатуунун) баасы, аны пайдалануунун акысынын өлчөмү, мүлктүн сапаты жана эксплуатациялык мүнөздөмөсү жөнүндө керектөөчү аныктаган шарттардын риэлтор тарабынан аткарылышын эсепке алуу менен аныкталат.
2. Керектөөчүгө кыймылсыз мүлктү менчигине сатып алууга байланыштуу кызмат көрсөтүүчү риэлтор, керектөөчүгө укуктук мүмкүндүктөрүн анын кызыкчылыктарында андан ары пайдаланууну камсыз кылууга милдеттүү, атап айтканда:
эгерде келишимде башкача белгиленбесе, кыймылсыз мүлктү керектөөчүнүн менчигине, ага үчүнчү жактардын тарабынан укуктарынан жана башка мыйзамдуу дооматтарынан эркин түрдө сатып алууну камсыз кылууну; керектөөчү белгилеген максатка арналган кыймылсыз мүлктү сатып алууну камсыз кылууну; анын авариялык абалда экендиги, техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына ылайык келбегенине байланыштуу пайдаланууга болбостугу жөнүндө жолдомокаты жок кыймылсыз мүлктү сатып алууну камсыз кылууга; керектөөчүгө кыймылсыз мүлккө укук берүүчү документти, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматка тиешелүү, керектөөчү талап кылууга укуктуу болгон башка документтерди өткөрүп берүүгө; керектөөчү менен келишимди аткарууда, жана андан кийин ал керектөөчүнүн кызыкчылыгы үчүн түзгөн бүтүм жөнүндө маалыматты таркатууга; керектөөчүнүн менчигине сатып алынуучу кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алардын аныктыгын текшерүү үчүн талдоо жүргүзүүгө.
3. Ушул статьянын 2-пунктунда аталган милдеттерди риэлтор тарабынан аткаруу керектөөчү менен анын ортосунда түзүлгөн келишиминде атайын көрсөтмөлөрдүн болгондугуна карабастан жүзөгө ашырылат.
4. Риэлтордун керектөөчүнүн менчигине талашта турган кыймылсыз мүлктү болбосо кийин керектөөчүнүн пайдаланууга юридикалык мүмкүнчүлүгү башкача жагдайлар боюнча кыйындашына алып келсе, келишимде буга түз көрсөтмө же керектөөчүнүн жазуу жүзүндөгү башкача түз макулдугу болгондо гана жол берилет.
(КР 2016-жылдын 20-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1324/st-39" title="39-статья - Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>