# 37-статья. Үчүнчү жактардын укуктарын коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1324)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 14-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1270/edition/1245394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1324/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө, 37-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-37

---

1. Риэлтор жана анын кызматтарын керектөөчү өздөрүнүн ортосунда түзүлүүчү келишимге, келишимге катышпаган үчүнчү жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузуучу шарттарды киргизүүгө укуксуз.

Эгерде жогоруда аталган шарттарды камтыган келишимди аткаруу процессинде же аткаруунун натыйжасында үчүнчү жактарга мүлктүк зыян келтирилсе, риэлтор жана анын кызматын керектөөчү андай адамдардын алдында келтирилген чыгаша үчүн биргелешкен жоопкерчилик тартышат.

2. Риэлтордук кызматтардын керектөөчүсүнүн жубайы, анын туугандары жана башка адамдар бүтүмдүн жүйөсү болуп саналган кыймылсыз мүлккө карата аткарууга риэлтор милдеттенген алардын мыйзамдуу укуктары бузулса же бузулуу коркунучунда турса, ал мүлк жайгашкан жердеги сотко аларга карата жасалып жаткан мыйзамсыз аракеттерди токтотуу талабы менен кайрылууга укуктуу.

Ушундай эле укук жашы жетпеген жарандардын кызыкчылыгы үчүн аракеттенген алардын өкүлдөрүнө да таандык.

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-38)
