37-статья. Үчүнчү жактардын укуктарын коргоо
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64.
1. Риэлтор жана анын кызматтарын керектөөчү өздөрүнүн ортосунда түзүлүүчү келишимге, келишимге катышпаган үчүнчү жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузуучу шарттарды киргизүүгө укуксуз.
Эгерде жогоруда аталган шарттарды камтыган келишимди аткаруу процессинде же аткаруунун натыйжасында үчүнчү жактарга мүлктүк зыян келтирилсе, риэлтор жана анын кызматын керектөөчү андай адамдардын алдында келтирилген чыгаша үчүн биргелешкен жоопкерчилик тартышат.
2. Риэлтордук кызматтардын керектөөчүсүнүн жубайы, анын туугандары жана башка адамдар бүтүмдүн жүйөсү болуп саналган кыймылсыз мүлккө карата аткарууга риэлтор милдеттенген алардын мыйзамдуу укуктары бузулса же бузулуу коркунучунда турса, ал мүлк жайгашкан жердеги сотко аларга карата жасалып жаткан мыйзамсыз аракеттерди токтотуу талабы менен кайрылууга укуктуу.
Ушундай эле укук жашы жетпеген жарандардын кызыкчылыгы үчүн аракеттенген алардын өкүлдөрүнө да таандык.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1324/st-37" title="37-статья - Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>