# 35-статья. Риэлтордун келишимди аткарышы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1324)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 14-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2016 года № 69 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О риэлторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111348)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324#diff=1245396..1245397>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1270/edition/1245394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1324/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө, 35-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-35

---

1. Керектөөчү менен түзүлгөн келишимди аткарууда риэлтор керектөөчүнүн мүлктүк каржылык абалы жөнүндө өзүнө белгилүү болгон жашырын маалыматты таркатууга жол бербестен, анын кызыкчылыгы үчүн гана аракеттенүүгө милдеттүү.

2. Келишимди аткаруучу риэлтор керектөөчүнүн мүлктүк жана каржылык абалынын келишимди түзүп жаткан учурга салыштырганда начарлашына алып келүүчү аракеттерди жасооого укуксуз.

Керектөөчү менен түзүлгөн келишимде ага түз көрсөтмө болгондо, болбосо керектөөчүнүн жазуу жүзүндөгү ага башка макулдугу болгондо гана аны аткаруу керектөөчүнүн өзүнө жүктөлгөн үчүнчү жактан милдеттерди риэлтор өзүнүн аракеттери менен өткөрүп алууга укуктуу.

3. Риэлтор келишимди аткарууда керектөөчүгө көрсөтүлүп жаткан кызматка тиешелүү, келишимдин аткарылышы үчүн жүйөлүү мааниси бар кандай маалыматтар болбосун билдирүүгө, ошондой эле риэлтор алган тийиштүү документтерди берүүгө милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 20-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-36)
