# 32-статья. Риэлтордук кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимге милдеттүү түрдө киргизилүүчү маалыматтар жана шарттар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1324)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 14-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324#diff=1245395..1245396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1270/edition/1245394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1324/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө, 32-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-32

---

1. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Риэлтор менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлүүчү келишим, риэлтор көрсөтүүгө милдеттүү болгон кызматтардын айкын түрлөрүн, аларды көрсөтүүнүн мөөнөттөрүн, ошондой эле риэлтордун үчүнчү жактар менен мамилелерде керектөөчүнүн кызыкчылыктарынын атынан чыгуу ыйгарым укуктарынын чектеринде так жана толук аныктоого тийиш.

3. Тараптардын келишимге керектөөчүнүн кыймылсыз мүлкүн же акча каражаттарын тескөө жана (же) пайдалануу боюнча риэлторго аныкталбаган укуктарды берүүчү шарттарды киргизүүсүнө жол берилбейт, ал эми андай келишим өзү жараксыз болуп саналат.

4. Риэлтор менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлүүчү келишимде риэлторго көрсөткөн кызматтары үчүн акчалай түрүндө же башкача акыбетин кайтаруу түрүндө төлөнүүчү сыйакынын өлчөмүнө көрсөтмөсү да келишимдин милдеттүү шарты болуп саналат.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-33)
