# 28-статья. Риэлторлордун милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1324)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 14-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2018 [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821); 20.05.2016 [Закон КР от 20 мая 2016 года № 69 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О риэлторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111348); 10.10.2012 [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770); 03.03.2009 [Закон КР от 3 марта 2009 года № 72 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О риэлторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202564)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324#diff=1245397..1245399>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1270/edition/1245394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1324/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө, 28-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-28

---

Риэлтор төмөнкүлөргө милдеттүү:

- кардарга кыймылсыз мүлк объектисине, ага карата укуктар жана менчик ээси (ээлик кылуучусу) жөнүндө мыйзамдуу негизде алынышы мүмкүн болгон анык жана толук маалымат берүүгө;

- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (бешинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- керектөөчүгө кыймылсыз мүлк рыногундагы риэлтордук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат берүүгө;

- бүтүм жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда ачыкка таркатпоого;

- риэлтордук кызматтарды керектөөчүдөн бүтүм жасоо үчүн алынган документтердин сакталышын камсыз кылууга;

- юридикалык жактын же жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын көрсөтүүгө;

- террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга;

- террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына ал сураган маалыматтарды берүүгө.

(КР 2009-жылдын 3-мартындагы № 72, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2016-жылдын 20-майындагы № 69 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-29)
