# 23-статья. Юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды жана жарандар тууралуу жекече маалыматтарды берүүнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1324)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 14-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2016 года № 69 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О риэлторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111348)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324#diff=1245396..1245397>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1270/edition/1245394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1324/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө, 23-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-23

---

1. Риэлторлорго юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды берүү юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтардын көлөмүндө жүзөгө ашырылат.

2. Риэлторлорго жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды берүү төмөнкүдөй көлөмдө жүзөгө ашырылат:

- жарандардын жашаган жеринин даректери боюнча катталуу (каттоо) фактылары жөнүндө маалыматтардын;

- турак жай жана турак жай эмес фонддордун объекттери жөнүндө көрсөтүлгөн органдар жүргүзүүчү документтерге киргизилүүчү маалыматтардын;

- жарандардын өзгөчө категорияларына кирген адамдардын (жашы жете элек жарандар жана белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган башка адамдар, майыптар, пенсионерлер) кыймылсыз мүлккө укуктарынын мүнөзүн жана мазмунун белгилөө үчүн зарыл болгон маалыматтардын;

- жарандык абалдын актыларын каттоо журналдарына киргизилүүчү маалыматтардын;

- адистештирилген дарылоо мекемелеринде каттоодо турган жарандардын абалы жөнүндө маалыматтардын.

3. Риэлторго жарандардын бала асырап алганынын фактылары жөнүндө маалыматтарды суроо-талаптын жана жагдайлардын мүнөзүнө жана мындай маалыматтарды сураткан риэлтор шилтеме жасаганына карабастан берүүгө жол берилбейт.

4. Риэлторго ушул статьянын 3-пунктуна ылайык таркатууга жол берилбеген жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды берүүгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.

5. Риэлторлор жана риэлтордук фирманын кызматкерлери тарабынан бүтүм жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган жана таркатууга жатпаган жекече маалыматтардын таркатылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.

(КР 2016-жылдын 20-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-24)
