23-статья. Юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды жана жарандар тууралуу жекече маалыматтарды берүүнүн шарттары
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 мая 2016 года № 69
1. Риэлторлорго юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды берүү юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтардын көлөмүндө жүзөгө ашырылат.
2. Риэлторлорго жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды берүү төмөнкүдөй көлөмдө жүзөгө ашырылат:
- жарандардын жашаган жеринин даректери боюнча катталуу (каттоо) фактылары жөнүндө маалыматтардын;
- турак жай жана турак жай эмес фонддордун объекттери жөнүндө көрсөтүлгөн органдар жүргүзүүчү документтерге киргизилүүчү маалыматтардын;
- жарандардын өзгөчө категорияларына кирген адамдардын (жашы жете элек жарандар жана белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган башка адамдар, майыптар, пенсионерлер) кыймылсыз мүлккө укуктарынын мүнөзүн жана мазмунун белгилөө үчүн зарыл болгон маалыматтардын;
- жарандык абалдын актыларын каттоо журналдарына киргизилүүчү маалыматтардын;
- адистештирилген дарылоо мекемелеринде каттоодо турган жарандардын абалы жөнүндө маалыматтардын.
3. Риэлторго жарандардын бала асырап алганынын фактылары жөнүндө маалыматтарды суроо-талаптын жана жагдайлардын мүнөзүнө жана мындай маалыматтарды сураткан риэлтор шилтеме жасаганына карабастан берүүгө жол берилбейт.
4. Риэлторго ушул статьянын 3-пунктуна ылайык таркатууга жол берилбеген жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды берүүгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
5. Риэлторлор жана риэлтордук фирманын кызматкерлери тарабынан бүтүм жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган жана таркатууга жатпаган жекече маалыматтардын таркатылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
(КР 2016-жылдын 20-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1324/st-23" title="23-статья - Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>