# 22-статья. Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1324)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 14-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2016 года № 69 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О риэлторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111348)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324#diff=1245396..1245397>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1270/edition/1245394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1324/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө, 22-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-22

---

1. Мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчикте турган кыймылсыз мүлк жөнүндө, алардын мүнөздөмөсү тууралу маалыматтар риэлторлордун суроо-талабы боюнча, тийиштүү объекттер кыймылсыз мүлк укугунун реестрине, жер кадастрына киргизилген жана маалымат таратуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тарабынан тыюу салынган режимдик объекттердин санына кирбеген шарттарда берилет.

2. Риэлторлорго кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды тийиштүү реестрге киргизилгенден ашык көлөмдө маалыматтарды берүүгө жол берилбейт.

3. Риэлторлорго жогоруда аталган объекттердин эксплуатациялык мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматтарды турак жай-коммуналдык чарбанын органдары жана турак жай жана турак жай эмес фонддорду эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдары да беришет.

(КР 2016-жылдын 20-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-23)
