# 21-статья. Риэлторлорго берилүүчү маалымат

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1324)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 14-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324#diff=1245395..1245396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1270/edition/1245394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1324/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө, 21-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-21

---

1. Риэлторлорго алардын суроолор-талаптары боюнча аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:

- кыймылсыз мүлк жана анын мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматтар;

- юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар жана жарандар тууралу жекече маалыматтар.

Жогоруда аталган маалыматтардын кайсынысы болбосун риэлторлорго аларды берүү, ушул Мыйзамда белгиленген шарттары сакталганда гана жүзөгө ашырылат.

2. Риэлторго ушул статьянын 1-пунктунда аталган маалыматтарды берүүгө анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы жана ишеним катынын болгону же риэлтордук кызматтарды керектөөчүнүн нотариалдык жактан ырасталган тиешелүү келишими негиз болуп саналат.

Ушул статьянын 1-пунктунда аталган маалыматты сураткан жана жеке ишкер болуп саналган риэлтор, ага инсандыгын ырастаган документти, ишеним катты же риэлтордук кызматтарды керектөөчү менен болгон тиешелүү келишимди көрсөтүүгө милдеттүү. Юридикалык жак болуп саналган риэлтор тарабынан суроо-талап жиберилген учурда, ал суроо-талапта маалыматты алууга ыйгарым укук берилген штаттык кызматкер так аталууга тийиш. Аталган кызматкер инсандыгын ырастаган документти, ишеним кат же риэлтордук кызматтарды керектөөчү менен тиешелүү келишимди жана. Кыймылсыз мүлк жана анын мүнөздөмөсү тууралу маалымат, риэлтордук кызматтарды керектөөчү болуп саналган, кыймылсыз мүлк укук ээсине гана көрсөтүлөт. Юридикалык жактар тууралу маалыматтар жана жарандар жөнүндө жекече маалыматтар риэлтор жана риэлтордук кызматтарды керектөөчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишиминде көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк укук ээсине гана берилет.

3. Аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары риэлторлор сураткан маалыматты бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы белгилөөгө укуктуу.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-22)
