# 14-статья. Риэлтордун кийин сатуу же пайдаланууга өткөрүп берүү максатында кыймылсыз мүлктүн айрым объекттерин алуу жана түзүү боюнча иши

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1324)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 14-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1270/edition/1245394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1324/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө, 14-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-14

---

1. Кийин аларды сатуу (кайтарымдуу пайдаланууга өткөрүп берүү) максатында кыймылсыз мүлктүн айрым объекттерин алуу жана түзүү боюнча иш кыймылсыз мүлктү жарандык жүгүртүүгө түздөн-түз таандык болгон бөлүгү гана риэлтордук деп таанылат.

Риэлтордун имараттарды, орнотмолорду, курулмаларды, турак жай жана турак эмес жайларды курууга (реконструкциялоого) тапшырыкчынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруусу риэлтордук иш болуп саналбайт жана ал тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишке ашырылат. Риэлтордун жаңы курулган (реконструкцияланган), өзүнүн же үчүнчү жактын менчигинде турган кыймылсыз мүлктү сатуу (кайтарымдуу пайдаланууга берүү) боюнча андан аркы ишинин ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берген бөлүгү риэлтордук иш деп таанылат.

2. Риэлтордун кийин сатуу (кайтамырдуу пайдаланууга берүү) максатында кыймылсыз мүлктүн жаңы объектисин мурдагы турган объектинин (объектилердин) укуктук режимин өзгөртүү жолу менен кыймылсыз мүлктүн айрым объектилерин алуу жана түзүү боюнча иши, атап айтканда, коммуналдык квартирадан жалдоочуларды көчүрүп башка жактарга жайгаштыруу, турак жайлык жана турак жайлык эмес фонддордогу имараттардын функциялык өзгөчөлүктөрүн өзгөртүү, мансардалык жана жер төлөлүк жайларды пайдалануунун укуктук режимин өзгөртүү ж.б.у.с. ал Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген, ушул Мыйзамдын көрсөтүлгөн статьяларында белгиленген белгилерге жооп берген да риэлтордук иш деп таанылат.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-15)
