14-статья. Риэлтордун кийин сатуу же пайдаланууга өткөрүп берүү максатында кыймылсыз мүлктүн айрым объекттерин алуу жана түзүү боюнча иши
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64.
1. Кийин аларды сатуу (кайтарымдуу пайдаланууга өткөрүп берүү) максатында кыймылсыз мүлктүн айрым объекттерин алуу жана түзүү боюнча иш кыймылсыз мүлктү жарандык жүгүртүүгө түздөн-түз таандык болгон бөлүгү гана риэлтордук деп таанылат.
Риэлтордун имараттарды, орнотмолорду, курулмаларды, турак жай жана турак эмес жайларды курууга (реконструкциялоого) тапшырыкчынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруусу риэлтордук иш болуп саналбайт жана ал тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишке ашырылат. Риэлтордун жаңы курулган (реконструкцияланган), өзүнүн же үчүнчү жактын менчигинде турган кыймылсыз мүлктү сатуу (кайтарымдуу пайдаланууга берүү) боюнча андан аркы ишинин ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берген бөлүгү риэлтордук иш деп таанылат.
2. Риэлтордун кийин сатуу (кайтамырдуу пайдаланууга берүү) максатында кыймылсыз мүлктүн жаңы объектисин мурдагы турган объектинин (объектилердин) укуктук режимин өзгөртүү жолу менен кыймылсыз мүлктүн айрым объектилерин алуу жана түзүү боюнча иши, атап айтканда, коммуналдык квартирадан жалдоочуларды көчүрүп башка жактарга жайгаштыруу, турак жайлык жана турак жайлык эмес фонддордогу имараттардын функциялык өзгөчөлүктөрүн өзгөртүү, мансардалык жана жер төлөлүк жайларды пайдалануунун укуктук режимин өзгөртүү ж.б.у.с. ал Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген, ушул Мыйзамдын көрсөтүлгөн статьяларында белгиленген белгилерге жооп берген да риэлтордук иш деп таанылат.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1324/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>