# 1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуунун максаттары жана чөйрөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1324)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 14-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2016 года № 69 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О риэлторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111348)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324#diff=1245396..1245397>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1270/edition/1245394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1324/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө, 1-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-1

---

Ушул Мыйзам юридикалык жактардын жака жеке ишкерлердин риэлтордук ишти жүргүзүүсүнө байланыштуу пайда болгон мамилелерди жөнгө салат жана бул ишти жөнгө салуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууга багытталган. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

- менчиктештирүү жөнүндө жана башка мыйзамдарга ылайык кыймылсыз мүлктү сатууга катышкан аткаруу бийлигинин кызмат адамдарына;

- соттордун же аткаруу бийлик органдарынын чечимдерине жараша кыймылсыз мүлктү сатууну уюштуруучу адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык соттук аткаруучуларга, администраторлорго, консервациялоочуларга, тышкы башкаруучуларга, атайын администраторлорго (жоюучуларга);

- кыймылсыз мүлктүн менчик ээси, ээси же ижарага берүүчүсү катары кыймылсыз мүлккө карата кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоочу адамдарга.

(КР 2016-жылдын 20-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1324/st-2)
