# Кара-Буура айылдык кеңешинин 2021-жылдын 12-ноябрындагы № 8 "Кара-Буура айыл өкмөтүнө карашту Кызыл-Адыр айылына Таманташ чыгаруучу ишкана ачуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Буура айылдык кеңешинин 2021-жылдын 12-ноябрындагы № 8 "Кара-Буура айыл өкмөтүнө карашту Кызыл-Адыр айылына Таманташ чыгаруучу ишкана ачуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/132398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-8782/edition/1167777/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Буура айылдык кеңешинин 2021-жылдын 12-ноябрындагы № 8 "Кара-Буура айыл өкмөтүнө карашту Кызыл-Адыр айылына Таманташ чыгаруучу ишкана ачуу жөнүндө" токтому (12.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/132398

---

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы 2021-жылдын 12-ноябры № 8 Кара-Буура айыл өкмөтүнө карашту Кызыл-Адыр айылына Таманташ чыгаруучу ишкана ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 катар сандуу токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фондторун түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун негизин карап Талас облусунун өнүктүрүү фондусунан бөлүнүүчү акча каражатын Кара-Буура айылдык кеңешинин сессиясында карап чыгып, максаттуу жумшоо багытында Кара-Буура айылдык кеңеши Токтом кылат:

1. “Талас облусунун өнүктүрүү фондусу” аркылуу Кара-Буура айыл өкмөтүнө караштуу коммуналдык чарбасынын базасында таманташ чыгаруучу ишкана ачууга 1 750 000 (бир миллион жети жүз элүү миң ) сомго долбоор тапшырууга уруксат берилсин .

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

М.Джумагулов
