# 9-статья. Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департамент жана анын кичи бөлүмдөрү

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 9-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-9

---

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелерин кайтаруу, соттолгон жана кайтарууга алынган адамдарды айдап узатуу Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат. Кайтарууга алынган адамдарды айдап узатуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын алдында жазык-аткаруу тутумунун объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын бөлүмчөлөр түзүлүшү мүмкүн. Мындай бөлүмчөлөрдүн ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жобо менен белгиленет (КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 111, 2013-жылдын 20-декабрындагы № 222, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-8)  
Кийинки берене: [9-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-9-1)
