9-статья. Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департамент жана анын кичи бөлүмдөрү
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Жазык-аткаруу тутумунун мекемелерин кайтаруу, соттолгон жана кайтарууга алынган адамдарды айдап узатуу Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат. Кайтарууга алынган адамдарды айдап узатуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын алдында жазык-аткаруу тутумунун объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын бөлүмчөлөр түзүлүшү мүмкүн. Мындай бөлүмчөлөрдүн ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жобо менен белгиленет (КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 111, 2013-жылдын 20-декабрындагы № 222, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1323/st-9" title="9-статья - Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>