# 4-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.07.2016 [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378); 19.07.2011 [Закон КР от 19 июля 2011 года № 111 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203351)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219064..1219065>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 4-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-4

---

Мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардын чектеринде:

- жазык-аткаруу тутумундагы мекемелердин кызматкерлерин (мындан ары - кызматкерлер) квалификациялуу кадрлар менен толуктоого көмөк көрсөтөт;

- жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине алардын иши жана соттолгондорду эмгекке тартуу үчүн шарттарды түзүп, ошондой эле жазык-аткаруу тутумундагы кызматкерлердин жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнүн укуктук жана социалдык жактан корголушунун кепилдиктерин ишке ашырууну камсыз кылат;

- байкоочу комиссияларды, балдардын иштери боюнча комиссияларды түзөт жана түзөтүүчү мекемелердин ишин контролдойт;

- жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери үчүн тиешелүү бюджеттердин эсебинен ушул Мыйзам менен каралбаган социалдык коргоонун кошумча кепилдиктерин белгилейт;

- жазаны аткаруу жайларынан бошотулган адамдардын социалдык адаптациясына жана алардын эмгекке орношуусуна жардам көрсөтөт;

- түзөтүү мекемелерин куруу жана аймакта болгон объектилерди түзөтүү мекемелерине реконструкциялоо үчүн каражаттарды бөлүп берет;

- акысыз негизде жер участокторун, курулмаларды, түзөтүү мекемелеринин көмөкчү чарбаларын уюштуруу үчүн шаймандарды бөлүп берет.

(КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 111, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

II Глава Жазык-аткаруу тутумунун уюму жана анын ишин камсыз кылуу

---

Мурунку берене: [3-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-3-1)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-5)
