# 36-статья. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин социалдык турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.01.2023 [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469); 19.07.2011 [Закон КР от 19 июля 2011 года № 111 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203351); 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219067..1219068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 36-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-36

---

Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынан төмөндөгүдөй учурларда 3 жылга чейинки мөөнөткө 12 акчалай айлык акынын өлчөмүндө чарба жүргүзүү үчүн пайызсыз ссуда түрүндө алгачкы төлөмдөрдү алууга укуктуу:

1) ички иштер органдарынын же жазык-аткаруу тутумунун окуу жайларын аяктагандан кийин кызмат орунга дайындалса;

2) жарандык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү боюнча келгендер кызматка дайындалса;

3) биринчи никеге турган учурдан тартып 3 ай ичинде.

Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери жаңы кызмат өтөөчү жерге которулгандыгына байланыштуу жаңы жашай турган жерине көчкөн учурда, аларга жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынан төлөмдөр жүргүзүлөт:

1) жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине 2 акчалай айлык акынын өлчөмүндө жана аны менен бирге келген ар бир үйбүлө мүчөсүнө акчалай айлык акынын жарымынын өлчөмүндө;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген иш сапарга жиберилген кызматкерлердин жолдо жүргөн ар бир күнүнө, аны менен кошо бараткан ар бир үйбүлө мүчөсүнө туруктуу ставканын (суткалык) өлчөмүндө.

Мындан тышкары жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери жаңы кызмат өтөөчү жерге которулганына байланыштуу мурдагы жашаган жеринен жаңы жерге көчкөндө аба транспортунан башка транспорттун бардык түрү менен 20 тоннага чейин өзүмдүк мүлкүн ташып кетүүгө жана жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен жана органдарынан бошотулганда тарткан чыгымдарын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен компенсациялоого укуктуу. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине кызматтык иш сапарында жүргөндө алардын балдарына мектепке чейинки мекемелерден орун, мейманканалардан орун берүү, квартиралык телефон менен камсыз кылуу, жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алуу, квартирасын жазык аткаруу тутумунун органдарынын эсебинен кайтаруу сигнализациясы менен жабдуу кепилдиги берилет. Жаш курагы, иштеген жылдары же оорусу боюнча кызматынан бошотулган жазык-аткаруу тутумунун кызматкерелеринин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын өздүк курамындагылар үчүн каралган жеңилдиктерди пайдалануу укугу сакталат. Объекттерди кайтарууну жүзөгө ашыруучу жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери ошол ишканалар менен мекемелердин жумушчулары жана кызматчылары үчүн белгиленген бардык жеңилдиктен пайдаланышат. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамда белгиленген ченемдер боюнча азык-түлүк пайы, болбосо пайды акчалай компенсация менен камсыз кылынат. Кызмат өтөө максатында менчик транспортун пайдаланган жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине белгиленген өлчөмдөрдө акчалай компенсация төлөнүп берилет. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери башка кызматка (окууга) которулганда анын жубайынын мурдагы иштеген жеринен бошогон күндөн тартып 6 айга чейин эмгек стажысы үзгүлтүккө учурабайт. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери жана алардын үйбүлө мүчөлөрү акысыз медициналык жана жеңилдик берүүчү санатордук-курорттук тейлөөдөн пайдаланышат. Кепилдик берилген медициналык жардам, ошондой эле санатордук-курорттук, дарылоо-профилактикалык тейлөө жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын кайсы гана медициналык, дарылоо-денсоолукту чыңдоо мекемелери болбосун көрсөтүлүшү мүмкүн. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери жеңилдик берүүчү медициналык-социалдык, дары-дармек жана протездик-ортопедиялык камсыздоодон пайдаланышат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдары жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин социалдык жактан корголушуна кошумча кепилдиктерди белгилөөгө укуктуу. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2011-жылдын 19-июлундагы № 111 , 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VII Глава Жазык-аткаруу тутумунун ишине контролдук кылуу

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-37)
