# 31-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги кызматкерди жана алардын үйбүлө мүчөлөрүн укуктук жактан коргоо

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219067..1219068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 31-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-31

---

Кызматкер, ошондой эле кызматкердин үйбүлө мүчөлөрү мамлекеттин коргоосунда турат. Керт башына колтийгистиги, кызматкердин ар-намысы жана аброю мыйзам менен корголот. Кызматкердин мыйзамдуу талаптары кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, ошондой эле кызмат адамдарынын жана жарандардын кызматкер тарабынан өз милдеттерин аткарышына тоскоолдук кылуучу аракети мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга алып келет. Ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү башка мыйзамдары түздөн-түз ыйгарым укук берген мамлекеттик органдардан жана кызмат адамдарынан башка эч ким кызматкердин кызматтык ишин аткарышына кийлигишүүгө укугу жок. (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-26)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-32)
