31-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги кызматкерди жана алардын үйбүлө мүчөлөрүн укуктук жактан коргоо
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 января 2023 года № 20
Кызматкер, ошондой эле кызматкердин үйбүлө мүчөлөрү мамлекеттин коргоосунда турат. Керт башына колтийгистиги, кызматкердин ар-намысы жана аброю мыйзам менен корголот. Кызматкердин мыйзамдуу талаптары кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, ошондой эле кызмат адамдарынын жана жарандардын кызматкер тарабынан өз милдеттерин аткарышына тоскоолдук кылуучу аракети мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга алып келет. Ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү башка мыйзамдары түздөн-түз ыйгарым укук берген мамлекеттик органдардан жана кызмат адамдарынан башка эч ким кызматкердин кызматтык ишин аткарышына кийлигишүүгө укугу жок. (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
31.01.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартууга алып келет. Ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын кошулду: жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү башка мыйзамдары түздөн-түз ыйгарым укук берген мамлекеттик … ким кызматкердин кызматтык ишин аткарышына кийлигишүүгө укугу жок. кошулду: (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1323/st-31" title="31-статья - Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>