# 25-статья. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин милдети жана укугу

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 июля 2011 года № 111 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203351)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219059..1219060>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 25-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-25

---

Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери өз милдеттерин аткарышат жана жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине берилген өз укуктарынын компетенцияларынын чегинде пайдаланышат, ал Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген кызматына, кайсы жерде турганына жана сутканын кайсы убагы экенине карабастан жеке же коомдук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтирүүчү окуяларды байкаса, адамдарды сактап калуу үчүн укук бузууларга бөгөт коюучу чараларды көрүүгө, ушундай укук бузуулардын болушуна шектүүлөрдү кармап жана жакын жерде жайгашкан Кыргыз Республикасынын ички иштер органына бул жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. (КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-26)
