# 24-статья. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.01.2023 [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469); 23.04.2021 [Закон КР от 23 апреля 2021 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112216); 14.11.2014 [Закон КР от 14 ноября 2014 года № 152 "О внесении дополнения и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205373); 20.12.2013 [Закон КР от 20 декабря 2013 года № 222 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы""](https://aqlex.ai/kg/doc/205100); 30.12.2009 [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219067..1219068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 24-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-24

---

Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине төмөнкүлөр кирет:

1) жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте, жазык-аткаруу тутумунун катардагы жана жетекчилик курамынын атайын наамы ыйгарылган (мындан ары - жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери) жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары;

2) Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин аскер кызматчылары;

3) жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик жарандык кызматчылары - жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте кызмат ордун ээлеген Кыргыз Республикасынын жарандары;

4) жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери - жазык-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери менен эмгек мамилелеринде турган Кыргыз Республикасынын жарандары.

(КР 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Атайын наамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан белгиленет. Кылмыш жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин көрсөтмөлөрү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте алынган башка далилдер менен барабар бааланат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары жана пенсионерлери үчүн ченемдик укуктук актыларда белгиленүүчү артыкчылыктар жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине жана пенсионерлерине да жайылтылат. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынын чегинде өз алдынча чечимдерди кабыл алат, мыйзамга ылайык өзүнүн укукка каршы аракеттери же аракетсиздиги үчүн жооп берет. Эгерде жазык-аткаруу тутумунун кызматкерине мыйзамга карама-каршы келген буйрук же тескеме берилсе, ал мыйзамды жетекчиликке алат. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкери бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин мыйзамдуу талабын жарандар жана кызмат адамдары аткарууга милдеттүү. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кызмат өтөө тартиби жана шарты ушул Мыйзам жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен регламенттелет. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин ишин уюштуруу, алардын эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары жана жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин ички тартип эрежелери менен регламенттелет. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2013-жылдын 20-декабрындагы № 222, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-25)
