# 22-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймактарында жана андан тышкары жайгашкан жазык-аткаруу тутумуна кирбеген уюштуруу-укуктук формалары кандай ишкана болбосун объекттеринде соттолгондорду эмгекке тартуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 22-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-22

---

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймактарында жана андан тышкары жайгашкан жазык-аткаруу тутумуна кирбеген уюштуруу-укуктук формалары кандай ишкана болбосун объекттеринде соттолгондорду эмгекке тартуу жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана ишканаларынын жетекчилери түзгөн келишимдердин (контракттардын) негизинде жүзөгө ашырылат. Келишим (контракт) жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын сунуштоосун эсепке алынуу менен иштелип чыгат. Анда төмөнкүлөр милдеттүү түрдө каралат:

1) бул объекттерге алынып келинген соттолгондордун саны;

2) эмгек акы, ошондой эле соттолгондорго зарыл болгон жөлөкпулдарды төлөө үчүн каражаттар;

3) ишкананын башка объекттеринен атайын бөлүнүп коюлган соттолгондор иштөөчү жумуш орундары;

4) жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен ишканаларынын ортосундагы мүлктүк мамилелер;

5) Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык соттолгондордун иштөөсү үчүн эмгек коопсуздугунун шарттарын камсыз кылуу, техникалык коопсуздуктун эрежелери менен ченемдерин жана эмгек гигиенасын сактоо.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-23)
