22-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймактарында жана андан тышкары жайгашкан жазык-аткаруу тутумуна кирбеген уюштуруу-укуктук формалары кандай ишкана болбосун объекттеринде соттолгондорду эмгекке тартуунун өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймактарында жана андан тышкары жайгашкан жазык-аткаруу тутумуна кирбеген уюштуруу-укуктук формалары кандай ишкана болбосун объекттеринде соттолгондорду эмгекке тартуу жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана ишканаларынын жетекчилери түзгөн келишимдердин (контракттардын) негизинде жүзөгө ашырылат. Келишим (контракт) жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын сунуштоосун эсепке алынуу менен иштелип чыгат. Анда төмөнкүлөр милдеттүү түрдө каралат:
1) бул объекттерге алынып келинген соттолгондордун саны;
2) эмгек акы, ошондой эле соттолгондорго зарыл болгон жөлөкпулдарды төлөө үчүн каражаттар;
3) ишкананын башка объекттеринен атайын бөлүнүп коюлган соттолгондор иштөөчү жумуш орундары;
4) жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен ишканаларынын ортосундагы мүлктүк мамилелер;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык соттолгондордун иштөөсү үчүн эмгек коопсуздугунун шарттарын камсыз кылуу, техникалык коопсуздуктун эрежелери менен ченемдерин жана эмгек гигиенасын сактоо.
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1323/st-22" title="22-статья - Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>