# 21-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканалары

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.01.2023 [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469); 20.12.2013 [Закон КР от 20 декабря 2013 года № 222 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы""](https://aqlex.ai/kg/doc/205100); 19.07.2011 [Закон КР от 19 июля 2011 года № 111 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203351)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219067..1219068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 21-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-21

---

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканалары соттолгондорду эмгекке тартуу жана аларды коомдук маанилүү кесиптерге үйрөтүүгө арналган жана жазык-аткаруу мекемесинде ошол мекеменин түзүмдүк кичи бөлүмдөрү катары түзүлөт. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканаларынын уюмдаштыруучусу болуп алардын уставдарын (жобосун) бекиткен жана аларга мамлекеттик мүлктү бекитип берген жазык-аткаруу тутумунун мекемеси саналат. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканалары өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик ишкана болуп саналат. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканалары өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырышат:

1) жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканаларын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, алардын мүлкүн тескөө жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын сунушу боюнча жүзөгө ашырылат;

2) жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканаларына оперативдүү жетекчилик ушул мекемелердин зардалдары тарабынан жүзөгө ашырылат

3) (КР 2013-жылдын 20-декабрындагы № 222 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканалары айрым жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине жана жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканаларга жана жазык-аткаруу тутумун өнүктүрүү программасын каржылоого каржылоо жардамдарын көрсөтүү үчүн жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканалар пайдадан түшкөн чегерүүлөрдү жүргүзүшөт;

5) жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканалары өзүнүн ишин өз алдынча пландаштырат жана соттолгондор үчүн жеткиликтүү жумуш орундарын түзүү зарылчылыгын эске алуу менен өнүгүү келечегин аныктайт.

(КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 111, 2013-жылдын 20-декабрындагы № 222, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-22)
