# 20-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги өз өндүрүшү

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219067..1219068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 20-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-20

---

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги өз өндүрүшү ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылуучу өз алдынча жүргүзүлүүчү өндүрүштүк иштерди билдирет. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери өз өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) иштегендерге Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек шарттарын камсыз кылууга;

2) түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга;

3) келишимдик милдеттенмелерди, башка чарба жүргүзүү субъекттеринин менчик укугун бузгандыгы, жаратылыш айлана-чөйрөсүн булгагандыгы, эмгек коопсуздугунун шарттарын бузгандыгы, жарандардын өмүрүн жана денсоолугун коргоо боюнча санитардык-гигиеналык ченемдерди жана талаптарды аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына, жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга;

4) бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги өндүрүштүк ишти текшерүү милдети жүктөлгөн мамлекеттик бийлик органдарына алардын компетенциясынын чегинде маалымат берүүгө.

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери өз өндүрүштүк ишин жүргүзүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

1) каржылоо каражаттарын, интеллектуалдык менчик объекттерин, жеке жана юридикалык жактардын мүлктөрүн жана мүлктүк укуктарын келишимдик башталыштарда тартууга;

2) материалдык-техникалык ресурстарды жөнөтүүчүлөрдү жана чыгарылуучу продукцияны керектөөчүлөрдү өз алдынча тандап алууга, мамлекеттик муктажыктар үчүн тапшырык боюнча чыгарылган продукциядан тышкары түзүлгөн келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган чекте ага бааларды белгилөөгө;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишканалар үчүн тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга;

4) ошол мекемелердин өз өндүрүштүк ишке тартылган жумушчулардын жана кызматчылардын штатын бекитүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына жана ведомстволук ченемдик актыларга ылайык аларды ишке алууга жана иштен бошотууга;

5) мамлекеттик муктаждыктар үчүн тапшырык боюнча чыгарылган продукциядан башка чыгарылган продукцияларды жана тиешелүү бюджеттерге милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин калган бардык пайданы тескөөгө;

6) банк кредитин пайдаланууга.

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери өз өндүрүштүк ишин өз алдынча пландаштырат жана соттолгондорго жумуш орундарынын жетиштүү санын түзүү зарылдыгын, ошондой эле өндүрүлө турган продукцияга, жумуштарга жана көрсөтүлүүчү кызматтарга керектөөчүлөрдүн суроо-талабын эске алуу менен анын өнүгүү келечегин аныктайт. (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-21)
