# 16-статья. Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин укугу

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219067..1219068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 16-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-16

---

Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин кичи бөлүмдөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөнкүдөй укуктар берилет:

1) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кайтаруу жана айдап узатууну жүзөгө ашыруу;

2) соттолгондордон жана камакка алынган адамдардан Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарышын талап кылуу;

3) укук бузууларга жол берип соттолгон жана камакка алынган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган таасир этүү жана мажбурлоо чараларын колдонуу;

4) көрсөтүлгөн адамдарга карата жаза колдонуу жана мажбурлоо чаралары жөнүндөгү маселени чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган милдеттерди соттолгон жана камакка алынган адамдар бузгандыгы тууралу протокол түзүү;

5) соттолгон жана камакка алынган адамдарды тинтүүгө, буюмдарын текшерүүгө, ошондой эле аталган адамдардын алып жүрүүгө тыюу салынган буюм заттарын алуу;

6) качып кеткен соттолгон жана камакка алынган адамдарды издөөдө алардын келиши мүмкүн болгон жерлерде транспорт каражаттарын тинтүү жана жарандардын документтерин текшерүү;

7) ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте күч колдонуу, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу жана пайдалануу.

Кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин аскер кызматкерлерине иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө укуктук жана социалдык коргоо кепилдиктери жайылтылат. (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-17)
