# 15-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин укуктары

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.01.2023 [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469); 23.04.2021 [Закон КР от 23 апреля 2021 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112216); 20.12.2013 [Закон КР от 20 декабря 2013 года № 222 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы""](https://aqlex.ai/kg/doc/205100)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219067..1219068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 15-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-15

---

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине төмөнкү укуктар берилет:

1) (КР 2013-жылдын 20-декабрындагы № 222 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) соттолгондордон жана башка адамдардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген өз милдеттерин аткарууну жана жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелерин сактоону талап кылуу;

2) (КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) протоколдорду түзүү, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыздоо чараларын колдонуу

6) жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканалардын аймагында жана режимдик талаптар белгиленген аларга чектеш аймактарда жүргөн соттолгондорду, башка адамдарды, алардын буюмдарын, транспорт каражаттарын текшерүүнү жана тинтүүнү жүргүзүү, ошондой эле тыюу салынган буюмдар менен документтерди алып коюу;

7) соттолгондорду каттоону, ошондой эле аларды сүрөткө түшүрүүнү, үнүн жазып алууну, киного жана видеотартылмага тартууну жана дактилоскопированиени жүзөгө ашыруу;

8) алкоголду, баңги, психотроптук же уулуу заттарды пайдалануунун фактысын табуу максатында соттолгондорду медициналык ырастоо жүргүзүү, соттолгондорго медициналык текшерүү дайындоо;

9) качып кеткен соттолгондорду издөө үчүн массалык маалымат каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн бекер пайдалануу;

10) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү;

11) ушул Мыйзам менен белгиленген учурларда жана тартипте күч колдонуу, атайын каражаттарды жана куралды пайдалануу;

12) режимдик талаптар белгиленген жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине чектеш аймактарда транспорт кыймылын убактылуу чектөө, аларга тыюу салуу, ал аймакка жарандарды киргизбөө же режимдик талаптарды сактоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо максатында ал жерде турууга, же болбосо ал аймактардан кетүүгө милдеттендирүү;

13) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарында белгиленген тартипте өзгөчө шарттардын режимин камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;

14) эмгекке жөндөмдүүлүгүн жана мүмкүнчүлүгүнө жараша адистигин эске алуу менен соттолгондорду эмгекке тартуу;

15) жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуу жана соттолгондорду эмгекке тартуу үчүн ишкердикти жана иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу;

16) бекитилип берилген мүлккө белгиленген компетенциянын чектеринде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө;

17) уюштуруу-укуктук формасы ар кандай мекемелерден, уюмдардан жана ишканалардан, ошондой эле жарандардан материалдык-техникалык ресурстарды, финансы каражаттарын жана мүлктү ээлик кылууга жана пайдаланууга алуу;

18) өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу.

(КР 2013-жылдын 20-декабрындагы № 222, 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-16)
