# 14-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелер милдеттери

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682); 31.01.2023 [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469); 20.12.2013 [Закон КР от 20 декабря 2013 года № 222 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы""](https://aqlex.ai/kg/doc/205100)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219068..14129>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 14-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-14

---

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери:

1) жазык жазаларынын Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аткарылышын камсыз кылууга;

2) укук тартибин жана мыйзамдуулукту, соттолгондордун, ошондой эле өздөрүнүн аймагындагы кызматкерлердин, кызмат адамдарынын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө;

3) соттолгонду эмгекке тартууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле аларды жалпы жана кесиптик билим алуусун жүзөгө ашырууга;

4) соттолгондорду түзөтүүгө багытталган тарбия иштерин жүргүзүүгө;

4-1) үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы үчүн соттолгон адамдардын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүүгө;

5) соттолгондордун саламаттыгын сактоону камсыз кылууга;

6) өзүнүн материалдык-техникалык базасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга;

7) изин суутпай-издөө ишин жүзөгө ашырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын изин суутпай-издөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аны жүзөгө ашыруучу органдарга өз компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтүүгө;

8) аларга карата бөгөт коюу чарасы катары кайтарууда кармоо колдонулган шектүүлөрдү жана күнөө коюлгандарды күтүү режимин камсыз кылууга, ошондой эле "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алардын укуктарын жана өз милдеттерин аткарышын сактоого;

9) жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин объекттеринде жана алардын жанындагы аймактарда режимдик талаптардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.

(КР 2013-жылдын 20-декабрындагы № 222, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 , 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-15)
