# 13-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мүлкү

- Документ: [Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1323)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.01.2023 [Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112469); 20.12.2013 [Закон КР от 20 декабря 2013 года № 222 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы""](https://aqlex.ai/kg/doc/205100)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323#diff=1219067..1219068>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1269/edition/1219055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1323/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө, 13-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-13

---

Жазык-аткаруу тутумунун мүлкү мамлекеттин менчигинде болот жана жазык-аткаруу тутумунун алдына коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылат. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканалардын, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун ишин камсыз кылуу үчүн атайын түзүлгөн ишканалардын, илим-изилдөө, долбоорлоо, дарылоо, окутуу жана башка мекемелердин мүлкү толук чарба жүргүзүү укугунда аларга бекитилип берилет, болбосо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген тартипте жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы тарабынан аларга оперативдүү башкарууга берилет. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин ишканалары өздөрүнө толук чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте мыйзам менен тыюу салынбаган кандай ишкердик иш болбосун жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга милдеттүү. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелер мүлкүн алып коюу чарасын колдонууга жол берилбейт. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери өздөрүнүн карамагындагы акча каражаттары менен өзүнүн өндүрүштүк ишин жүргүзүү менен байланышкан милдеттенмелери боюнча жооп берет. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин акчалай каражаттары жетишсиз болгондо алардын милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы тартат. (КР 2013-жылдын 20-декабрындагы № 222, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III Глава Жазык-аткаруу тутумунун мекемелер ишин уюштуруунун негиздери

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1323/st-14)
