13-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мүлкү
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 января 2023 года № 20
Жазык-аткаруу тутумунун мүлкү мамлекеттин менчигинде болот жана жазык-аткаруу тутумунун алдына коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылат. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги ишканалардын, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун ишин камсыз кылуу үчүн атайын түзүлгөн ишканалардын, илим-изилдөө, долбоорлоо, дарылоо, окутуу жана башка мекемелердин мүлкү толук чарба жүргүзүү укугунда аларга бекитилип берилет, болбосо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген тартипте жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы тарабынан аларга оперативдүү башкарууга берилет. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин ишканалары өздөрүнө толук чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте мыйзам менен тыюу салынбаган кандай ишкердик иш болбосун жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга милдеттүү. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелер мүлкүн алып коюу чарасын колдонууга жол берилбейт. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери өздөрүнүн карамагындагы акча каражаттары менен өзүнүн өндүрүштүк ишин жүргүзүү менен байланышкан милдеттенмелери боюнча жооп берет. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин акчалай каражаттары жетишсиз болгондо алардын милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы тартат. (КР 2013-жылдын 20-декабрындагы № 222, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III Глава Жазык-аткаруу тутумунун мекемелер ишин уюштуруунун негиздери
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 декабря 2013 года № 222 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы""Редакцияларды салыштыруу
31.01.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…укугунда аларга бекитилип берилет, болбосо Кыргыз Республикасынын кошулду: жарандык мыйзамдары менен белгиленген тартипте жазык-аткаруу тутумунун … жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлктү Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте мыйзам менен тыюу салынбаган кандай … мамлекеттик органы тартат.
(КР 2013-жылдын 20-декабрындагы № алынып салынды: 222 кошулду: 222, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III Глава
Жазык-аткаруу тутумунун…
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1323/st-13" title="13-статья - Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>